Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө АBUEV GROUP жумушчуларынын иш таштоосу токтой элек


KMG EP-Catering компаниясына кызмат көрсөткөн АBUEV GROUP ишканасынын жумушчуларынын иш таштоосу алты күндөн бери уланууда.

Жүздөй ашпозчу, тазалык кызматкери жана жүк ташуучулар жумушка чыккан жок. Мекеме жумушчулары аялдарды KMG EP-Catering компаниясына, эркектерди “Өзенмунайгаз” компаниясына штатка алууну талап кылышууда.

— Бизге 3-августта Жаңы-Өзөн шаарынын акими Максат Ибагаров келип, талаптарыбыздын орундалбай турганын айтты. Бизге же датасы, же мекеменин аты көрсөтүлбөгөн протоколго кол коюуну сунушташып, “айтор бир күнү талаптар орундалат” деген жалган убадага ишендиргиси келишти. Биз макул болгон жокпуз. Талаптарыбыз орундалганча кетпейбиз, — деди жумушчулардын бири.

Жумушчулар 3-августта Казакстан мунайсервис компаниялар борборунун директоруна жана Мангистау облусунун акимине видеокайрылуу жолдошуп, жардам сурашты.

KMG EP-Catering - "Казмунайгаз" улуттук компаниясынын энчилеш мекемеси. Анда жалпысынан миңден ашык адам иштейт. Жаңы-Өзөндөгү бөлүмүндө 300дөй жумушчусу бар.

Компания Мангистау, Атырау облустарында мунайчыларды ысык тамак менен камсыздоо, “Кендирли” эс алуу аймагындагы эс алуучулар менен мунайчыларга кызмат көрсөтүү, мунай кендеринде тазалык иштерин жүргүзүү, “Өзенмунайгаздын” бардык өндүрүштүк бөлүмчөлөрүнө, ашканаларына турмуш-тиричилик кызматтарын көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG