Ссылки доступа

Тажик-ооган чек арасын атчан аскерлер кайтарат


Тажик чек арачыларына Ооганстан менен чек араны коргоо үчүн 18 ат берилди.

Атчан аскерлер Шамсиддин Шохин районундагы тоолуу аймактарды күзөтүшөт.

Буга чейин Ооганстандын маңзат сатуучулары чек аранын ушул аймагын тез-тез пайдаланып турушкан.

“Чек аранын айрым тилкелерин машине менен күзөтүү мүмкүн эмес. Азырынча тоолуу аймактарды күзөтүү үчүн 18 ат алдык. Дагы бир нече ат бөлүүгө убада беришти, атчан аскерлердин саны көбөйөт”, - деди чек арачылардын бири.

Совет доорунда Ооганстан менен чек аранын айрым тилкелерин атчан аскерлер күзөткөн.

Тажикстан бийлиги Ооганстандагы жагдайдын курчушуна тынчсызданууда. Буга чейин талиптерден качкан ооган аскерлери Тажикстандын аймагына өтүүгө мажбур болушкан. Душанбе Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чек араны бекемдөөгө жардам сураган. Расмий маалымат боюнча “Талибан” кыймылы Ооганстан менен Тажикстан чек арасынын болжол менен үчтөн экисине көзөмөл орнотту.

XS
SM
MD
LG