Мекеменин маалыматына караганда, ал борбор калаада 15тен ашуун вебкам-студия уюштуруп, көмүскө киреше тапкан туруктуу топту жетектеп турган, азыр бул мыйзамсыз ишмердүүлүкө катыштыгы бар башка да адамдарды аныктоо аракети көрүлүүдө. Кылмышка кыргызстандыктардан тышкары КМШ өлкөлөрүнүн жараны болгон адамдар да аралашканы, алар кыздарды алдап, көп маяна убада кылып, интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөттүрүп турганы, бир аптада эле бир студиянын кирешеси 90-100 миң долларга жетип, анын 5-10% гана кыздарга төлөнүп келгени айтылды.
Кылмышка шектүү адам 3-августта кызматкерлерине маянасын бөлүштүрүп жаткан кезде кармалганы, тинтүү учурунда жанынан 27 миң доллар табылганы маалым болду.
Быйыл 27-июлда “Азаттык” радиосу “Кыргызстандагы вебкам-студиялардын караңгы дүйнөсү” деген иликтөөсүн жарыялаган. "Анда Кыргызстандагы чоң каражат айланган вебкам-студияларда талкаланган тагдырлар, "Телеграм" топтордогу ормон опуза иликтенген.