Ссылки доступа

Тажикстан ЕККУнун иш-чараларына кылмышкерлерди катыштырбоону өтүндү


Тажикстандын Башкы прокуратурасы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун иш-чараларына “кылмышкерлерди” катыштырбоого чакырды.

Башкы прокуратуранын маалыматында эч кимдин аты-жөнү, эч кандай уюм аталган эмес. Бирок мурда расмий Душанбе Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясы” менен “Группа24” кыймылынын мүчөлөрүнүн ЕККУнун иш-чараларына катышканына нааразы болгон.

Уюм прокуратуранын өтүнүчүнө кандай жооп бергени белгисиз. Бул арада башкы прокуратура ЕККУнун башчылыгы алдыда Тажикстанга иш сапар менен келерин белгиледи.

Беш жыл мурун Тажикстан өкмөтүнүн делегациясы ЕККУнун Варшавадагы саммитинен чыгып кеткен. Буга ал жыйынга тажик оппозициясынын катышканы себеп болгон.

2015 жылдан бери жүздөгөн тажик жарандары Европа өлкөлөрүнө саясий башпаанек издеп барышты. Алардын арасында тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясы” менен “Группа24” кыймылынын өкүлдөрү, журналисттер, ишкерлер, укук коргоочулар да бар.

Тажикстан бийлиги алардын бир катарын тыюу салынган уюмдун ишине катышууга айыптоодо.

XS
SM
MD
LG