Балх полициясынын башчысы Зиалухак Туфан “Азаттыктын” ооган кызматына “Талибан” жоочулары аялды өздөрү көзөмөлдөгөн Самар Кандиан айлында атып кетишкенин кабарлады. Маалыматка караганда, аял 21 жашта болгон, аны Назанин деп аташкан.
Полиция өкүлүнүн айтымында, аял үйүнөн чыгып, автоунаага отуруп Мазари-Шариф шаарына баратканда кол салууга кабылган. Аял паранжа кийип жүргөн.
“Талибандын” өкүлү Забиулла Мужахид полициянын билдирүүсүн четке кагып, топ кол салууну иликтеп жатканын билдирди.