Ссылки доступа

Лейлек: селден кийин үйсүз калган тургундар (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан да видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Лейлек: селден кийин үйсүз калган тургундар. (видео)

- "Кумтөр иши": Темир Сариев эки айга камалды. "Кумтөр" ишине байланыштуу айыпталган мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды. Баш коргоо чарасы 4-августта түндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. видео)

- Айсулуу элди бириктирди. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын финалдагы беттешин жүздөгөн күйөрмандар, өлкө жетекчилери, өзүнүн жакындары түз эфирден көрүп турду. Тыныбекова финалда жапониялык Юкако Каваи менен беттешип, элине күмүш медал белек кылды. (видео)

- Айсулуунун алтынга тете күмүшү. (сүрөт баян)

- Илимпоздорду шайлоодогу интрига. 5-августта Улуттук илимдер академиясынын академик жана корреспондент-мүчө илимий наамдарына шайлоо өткөнү турат. Ага 127 талапкерден арыз түшкөн. Илимий жогорку наамдарга ат салышып жаткандардын катарында министрлер, Баш мыйзамдын долбоорун жазган окумуштуулар да бар. Улуттук илимдер академиясынын академик жана корреспондент-мүчө илимий наамдарына шайлоо ар кандай себептерден улам он жылдан ашык убак мезгилден бери өтпөй келген. (видео)

- Талас: чек арада жоголгон жылкы табылбайт. (видео)

- Караколдогу сел шаардын таш-талканын чыгарды. 30-июлда Ысык-Көлдүн 4 району жана 2 шаарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, бир нече үйлөр жана жолдор жабыркаган. Караколдо 100 миң долларга салынган River park эс алуу жайын суу алып кеткен. Азыр айрым үйлөрдө жарык жок. Каракол суусунун нугун буруу үчүн техника жетишсиз экени айтылууда. Ал эми чет элдиктер көп каттаган Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосуна каттам үзүлгөн жок, жолчулар альтернативдүү жолду ачып берди. Селдин кесепетин жоюу үчүн бери дегенде 100 млн. сом керектелерин облус жетекчилиги билдирди. (видео)

- "Жаш толкун" поэзия сынагы: алгачкы мыктылар тандалды. (видео)

- Раиси Ирандын жаңы президенти : ал ким? (видео)

- Кыргыз-өзбек чек арасы: жарандарды түйшөлткөн ПЧР тест. 30-июлда Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга өтүүдө мыйзамсыз текшерүүлөргө жана акча талап кылууга кабылып жатканын айтып даттанган. Чек ара кызматы дооматтарды четке кагып, жарандардын өткөрүлбөй жатканын алар ПЧР-тесттердин жыйынтыгын жана эмдөөдөн өткөнү тууралуу жасалма сертификаттарды алып келип жатканы менен түшүндүрдү. (видео)

- Алай: 3000 метр бийиктиктеги үй музей. Алай районунун Сары-Могол айылында жарым кылым мурда курулган үй музей бар. Өткөн жылы расмий ачылып иштей баштаган жай учурда туристер жок ээнсиреп турат. Үйдү жергиликтүү тургун Ташкул Урустамов 1962-жылы курган. Анын келининин демилгеси менен түптөлгөн үй музейде Ташкул Урустамовдун колдонгон буюм-тайымдары жана жергиликтүү тургундардан чогулган да буюмдар бар. (видео)

- Бишкек менен Ош шаарынын мэрлери алмашты. (видео)

- Президент Жапаровдун эс алуусу коомчулукта талкуу жаратты. (видео)

- "Талибан" чоң шаарларды басып алууга өттү. (Настоящее Время)

- Жайлоодогу көчмө мончо. Эдилбек Курманалиев Ат-Башынын Босого жайлоосуна көчмө мончо жасап, малчыларга кызмат көрсөтүүдө. Ал жуунучу жайды кадимки эле ЗиЛ автоунаасынын буткасына уюштурган. Эдилбектин эмгегине малчылар гана эмес, чет элдик туристтер да кызыгып жаткан учуру. (видео)

- Зеленский мурдагы чиновниктерди мамлекеттик дачадан чыгарууну тапшырды. (видео Директ)

- Кыргызстанда экономикана өзгөчө кырдаал киргизүү пландалууда. (Настоящее время)

- Тажикстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кексин кымбаттады. (Настоящее Время)

- Бишкектеги түнкү сугат. (видео)

- Сузакта селден жабыркагандар чатырларда күн кечирүүдө. (видео)​

- Тарыхты сүрөт менен тааныткан чебер. Адилет Дюшембиев орусиялык мыкты сүрөтчү-дизайнерлерден онлайн сабак алып, Кыргызстанда жаңыдан өнүгүп келе жаткан декорду этно-стиль менен айкалыштырууда. Жаш декоратордун эмгектерине дубайлыктар, орусиялыктар кызыгып, жумушка чакырган. Бирок андан баш тарткан. (видео)

- Сурдокотормо курсун ачкан Бишкектин 20 жаштагы тургуну. (видео)

- The Insider жана башкалар: Орусияда көз карандысыз басылмалар эмнеге куугунтукталууда? (видео)​

- Президенттин жашыруун резиденциясы жөнүндө айткан активист өзүнүн саясий пландарын жарыялады. (видео)

- Тажикстандагы алгачкы виртуалдык сүрөт көргөзмөсү. (видео)

- Азия 360: Айдаркен сымап фабрикасы. (видео)

- АКШ Тажикстанга Moderna вакцинасынын 1,5 миллион дозасын берди. (сүрөт баян)

- Инфодемия деген эмне жана ал адамдарга кандай зыян алып келет? (Настоящее время)

- 14 жашында финансылык көз карандысыздыкка жеткен Айдана. (Кыргызстандан видео)

- Алматынын четиндеги жүздөгөн тургун булактан суу ташып ичет. (Казакстандан видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG