Ссылки доступа

Ош шаарында таза суу эскертүүсүз өчүрүлдү


Ош шаарында 5-августта таңкы саат 05:00дөр чамасында таза суу берүү токтотулду. Шаар мэриясы тараткан маалыматка ылайык, Папан суу сактагычына жакын жылгалардан сел жүргөн.

Анын кесепетинен Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондуктан Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондоруна жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Жылдыз Болотбеков "Азаттыкка" билдиргендей, таза суу түшкү саат 14:00дө бериле баштады. Бирок шаардыктарга 4-5 саатта толук жетет.

Ош шаарында 300 миңден ашуун суу колдонуучу расмий катталган. Калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Катуу жамгыр жааганда дарыя ылайланып, элге суу берүү токтотулат. Кээде 2-3 күн суу жок болот.

XS
SM
MD
LG