Комитеттин билдирүүсүндө “дискриминацияга жол жок” деп айтылган.
Биринчи каналдын "Время покажет" программасы менен "Россия 1" телеканалынын "60 минут" программасында британ суучулу, кумса, Олимпиадада алтын медаль алган Том Дейли менен жаңызеландиялык оор атлет Лорел Хаббарддын ар-намысына шек келтирген сөздөр айтылган.
Мамлекеттик думанын депутаты Алексей Журавлёв ЛГБТ өкүлдөрүнүн Токиодогу оюндарга катышканы боюнча пикирин билдирген кезде "мразь" жана "гомики" деген сөздөрдү колдонгон. "Единая Россия" партиясынын жогорку кеңешинин мүчөсү Пётр Толстой аларды "извращенцы" деп атаган. "Время покажет" программасынын алып баруучусу Анатолий Кузичев эфирде эки өрүмдүү кепчач кийип, трансгендерлерди "психопаттар" деп сыпаттаган.