Орусиянын Борбордук аскер округу билдиргендей, машыгууга 2500дөн ашык киши жана 500дөй согуштук техника тартылды.
Ага Тажикстандагы 201-орусиялык аскердик базанын 1800ден ашык аскер кызматкери менен 420дай техникасы катышууда.
Орусия мындан тышкары Тжаикстанга Кыргызстанда жайгашкан аскердик базасынан Су-25 истребителдерин жөнөттү.
Машыгуу ооган чек арасынан 20 чакырым аралыкта жайгашкан Хатлон облусунун "Харб-Майдон" полигонунда өтүүдө.
Аскерлер каршылаш тараптын мизин кайтарууга багытталган машыгууда танктарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонушууда. Бул чаралар Ооганстандан жоочулардын кирип келишине бөгөт коюу үчүн жасалып жатканы белгиленди.