Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жапаров Кыргызстан Түркмөнстан менен эл аралык уюмдар алкагындагы мамилени бекемдөөгө да ынтызар экенин белгиледи. Жолугушууда эки жетекчи соода-экономикалык мамилелерди, Түркмөнстандан газ жана электр энергиясын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн, туризм тармагында кызматташтыкты арттырууну талкуулашты.
Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында бул күндөрү Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу өтүп жатат. Жапаров ага катышуу үчүн эки күндүк иш сапар менен 5-августта жөнөп кеткен.