Ссылки доступа

Адвокат: Орхан Инанды түрмөнүн ооруканасында колунан операция болду


Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелерин жетектеп келген Орхан Инанды Түркияда түрмөнүн ооруканасында колунан операция болду. Бул тууралуу 6-августта “Азаттык" радиосуна анын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз билдирди.

Жактоочунун айтымында, Инандынын колун аны уурдоо учурунда сындырышкан. Азыр операциядан кийин калыбына келип жатат.

Адвокат Инандыга козголгон кылмыш иши менен таанышуу жүрүп жатканын, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылганын, алгачкы сот отуруму 16-cентябрга белгиленгенин маалымдады.

Ошондой эле ал Кыргызстан тараптан уурдоо фактысы боюнча жаңы маалымат жок экенин, Инанды аны үч кыргызстандык күч менен кармап, көзүн таңып, Түркияга алып чыгууга жардам бергенин дагы эле айтып жатканын кошумчалады.

Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап жатканын "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, дайыны чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан.

Ошондо Инандынын кармалгандан кийинки сүрөтү жарыяланганда бир колу шишип турганы байкалган.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон, Интерпол да издеп жатканы айтылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орхан Инандыны кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Орхан Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын айтып, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин маалымат жыйынында билдирген.

XS
SM
MD
LG