Ссылки доступа

Демократтар Жо Байденди Гуантанамо түрмөсүн жабууга чакырды


АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасындагы ондогон демократтар президент Жо Байденге Кубадагы Гуантанамо аскер түрмөсүн жабуу боюнча кайрылышты.

Бул кайрылуу 11-сентябрдагы террактардын 20 жылдыгына саналуу күн калганда 5-августта жасалды.

Жалпысынан 75 мыйзам чыгаруучу кол койгон кайрылууда бул түрмөнүн иштеп жатышы адам укугу менен мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн алып жүргөн өлкөгө аброй алып келбей турганы белгиленген.

“Бул түрмөнү толугу менен жаап, андагы адамдардын санын кескин кыскартуу боюнча кандайдыр бир кадамдарды жасашыңызды өтүнөбүз. Ошондой эле, Гуантанамодогу аскердик комиссиянын ачыктыгын камсыздоо зарыл”, – деп жазылган палата мүчөлөрүнүн кайрылуусунда.

Андан сырткары түрмө ачылгандан бери сегиз жүздөй адам камалып чыкканы жана азыркы мезгилде 39 эркек киши отурганы жазылган.

Кайрылуу катында Байден мурда вице-президент болуп турганда Кубадагы Гуантанамо аскер түрмөсүн жабууну колдогону белгиленди.

Гуантанамо түрмөсүндө 11-сентябрда АКШга каршы террактардын уюштуруучусу делген Халид Шейх Мухаммед сыяктуу кишилер да отурган.

XS
SM
MD
LG