Ахмет Далгычтын айтымында, сегиз ай мурун өзбек соту аркылуу акчасын кайтарып алууга аракет жасаган. Бирок анын арызына көңүл бурулган эмес.
"Бир жыл мурун мен Жизак облусунда жайгашкан "O’rmancha-capers" компаниясына көөл (тамак-ашты демдөө үчүн пайдалана турган өсүмдүк – каперс) сатып алуу үчүн 138 миң АКШ долларын которгом. Бир жыл болду, же акча, же өсүмдүк жок. Сизден жардам сурайм", - деп жазган түрк ишкери өзбек президентине жолдогон катында.
Келишимге ылайык, «O’rmancha-capers» 2020-жылдын 31-декабрына чейин түрк компаниясына 95 килограмм көөл жеткирүүгө милдеттүү болгон.
Ахмет Дагыч талаптар орундалбагандан кийин Өзбекстанга келип, сегиз ай бою бул иш менен алектенген. Ал адвокат жалдап, тийиштүү мекемелерге, өкмөткө жана сотко арызданган.
2-февралда Түркия элчилиги ишкердин өтүнүчү боюнча Өзбекстандын тышкы иштер министрлигине атайын нота жөнөткөн.
"O’rmancha-capers" компаниясынын эки жекекчиси буга чейин “Алдамчылык” беренеси боюнча алты жылдан соттолгону айтылууда. Маалыматтарга караганда, алар буга чейин түрк жаранын гана эмес, өзбек ишкерлерин да алдап келишкен.
Жизак облусунда көөл өсүмдүгү көп өсөт. "O’rmancha-capers" компаниясы былтыр Италия, Испания жана Орусияга 2,3 тонна каперс экспорттогон.