Бул тууралуу ал “Инстаграмдагы” баракчасына видеокайрылуу жолдоп, активисттин кечирим суроосуна муктаж эместигин билдирди.
Дүйсебаева болсо чиновник сотко бийликтин тапшырмасы менен кайрылганын айтууда.
– Эгер тапшырма болбосо, кечирим зарыл болбосо, бир нече жолу сотко кайрылып, сарсанаага түшпөйт эле. Бүгүн-эртең экспертизанын жыйынтыгы чыгып, 11-августта жалаа жабылганбы же жокпу белгилүү болмок. Эми баары талаада калды,– деди активист.
Быйыл март жана апрель айларында активист YouTube-каналына эки видеоролик жайгаштырып, Чымкентте Ноорузду майрамдоо үчүн бөлүнгөн 565 миллион теңге уурдалганын маалымдаган.
Доогер видеодогу төрт сүйлөм (мамлекет бөлгөн 565 млн теңге жок кылынды, жемкорлукка баруу – калкка карата чыккынчылык, коррупционер) анын кадыр-баркына доо кетиргенин билдирип, сотко кайрылган.