Бул арада вирус жуктуруп алган айрым кызматкерлерди акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыгууга мажбурлап жатышканы айтылууда.
– Үч ай аралыгында биздин эки кесиптешибиз коронавирус менен ооруп калды. Азыр алар акы төлөнбөгөн эмгек өргүүдө жүрүшөт. Мындай учурда кызматкерге айлык акы да, ооруган соң жөлөк пул да берилбейт экен. Ошондуктан азыр биздин ишканадагы бардык кызматкерлер кандай гана вакцина болбосун алууга аракет жасашууда, – деди «Худудгаз» ишканасынын кызматкери.
Өзбекстан президентинин март айында кабыл алган жарлыгына ылайык, коронавирус инфекциясына байланыштуу карантинге алынган жарандарга убактылуу ишке жөндөмсүздүгү үчүн орточо айлык акынын 100 пайызы төлөнүп берилиши керек.
Бул документке ылайык, коронавирус инфекциясын жуктурган жарандар менен эмгек келишимин бузууга да тыюу салынат.
Өзбекстан президенти 2-августта бардык кызматкерлерди милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү жөнүндө мыйзамга кол койгон.
Расмий маалыматка караганда, ушул тапта ооруканаларда 10 миңдей бейтап жатат, дагы 3 миңи үй-шартында дарыланууда. 2,4 миң адамдын саламаттыгы оор, 890 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.