Ссылки доступа

Муканова: Акылбек Жапаровдун демилгеси президенттин аракетине каршы келүүдө


Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаровдун участкалык милиционерлерге экономикалык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу укугун берүү демилгеси мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун аракеттерине карама-каршы келет деп эсептейт.

Бул тууралуу 9-августта аталган бирикменин Башкы катчысы Нурипа Муканованын расмий билдирүүсүндө айтылды.

Милиционер ишкерлерди көзөмөлдөп эмес, өзүнүн участогунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштарды алдын алуу менен гана алек болушу керек экенин белгилеген Муканова ишкердикти текшерүү укугун милиция органдарына берүү аракети буга чейин да болуп, алар аябай коррупциялашып кетип, акыры жабылганын кошумчалады. Ушундай эле себеп менен кийин Каржы полициясы да жок болгонун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров быйыл ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо, бизнести коргоо боюнча кошумча чаралар тууралуу эки жарлыкка кол койгон.

Нурипа Муканованы Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин башкы катчысы кылып Садыр Жапаров быйыл 12-июлда дайындаган. Президенттин аны дайындоо тууралуу жарлыгында бул бирикменин максаты “коррупцияга каршы аракеттенүүдө бийлик менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлерди коргоо жана колдоо механизмдерин өнүктүрүү” экени айтылган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, өкмөт башчынын орун басары Акылбек Жапаров 15-июлда тийиштүү мамлекеттик органдарга мекеме аралык иш тобун түзүүнү тапшырды, ал топ экономика тармагындагы (лицензия берүү, уруксат берүү ж.б.) мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу укугун участкалык милиционерлерге берүү боюнча документтерди даярдоого милдеттүү.

XS
SM
MD
LG