Ссылки доступа

Сауд Арабиясында COVID-19дан өлгөн медиктерге 133 миң доллардан кенемте төлөнө баштады


Сауд Арабиясы коронавирус инфекциясы менен күрөшүп, кайтыш болгон ар бир медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 133 миң АКШ доллары өлчөмүндө кун төлөй баштады. Бул тууралуу 8-августта Сауд Арабиясынын мамлекеттик маалымат каражаттары билдирди.

Расмий маалыматка караганда, компенсацияны мамлекеттик же жеке клиникада иштегенби, жарандык же аскерий тармакта эмгектенгенби - бардык адистердин үй-бүлөлөрү алат. Бийлик маркумдардын саудиялык же чет өлкөлүк кызматкер болгонуна да карабайт, тегиз төлөйт.

Мемлекеттик SPA агенттигинин жазышынча, “алар королдуктагы жарандар менен тургундардын ден соолугун коргоп, коопсуздугун камсыздоо үчүн өмүрлөрүн арнаган”.

Сауд Арабиясында бүгүнкү күнгө карата 8320 өлүм катталган, бирок вирустан канча медицина кызматкери өлгөнү боюнча так маалымат жок.

XS
SM
MD
LG