Ссылки доступа

Семейде автокөпүрөнүн бир плитасы урап, жол жабылды


Чыгыш-Казакстан облусундагы Семей шаарында 9-август күнү кечинде Иртыш дарыясына орнотулган көпүрөнүн бир плитасы менен таянычы кулап түштү. Буга байланыштуу көпүрөдөгү жол жабылды.

Семей акимчилиги кабарлагандай, калаа акиминин орун басарлары менен транспорт бөлүмүнүн өкүлдөрү “олуттуу кыйроону” аныкташкан эмес, бирок коопсуздук үчүн жолду жабуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Көпүрө жабылгандан кийин шаарда унаа тыгыны пайда болду.

Акимчилик 10-августта көпүрөнү текшерүү үчүн атайын адистерди чакырууну пландоодо.

Калаа тургундары үчүн көпүрөнүн зыянга учурашы күтүүсүз окуя болгон жок: 2013-жылы эле 1961-жылы салынган көпүрө авариялык абалда деп таанылган.

XS
SM
MD
LG