Ссылки доступа

Германия Тажикстанга 100 миң доза Astrazeneca вакцинасын берет


Германия өкмөтү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 30 млн доза вакцина берет. Кеп британ-швед өндүрүшүнөн чыккан AstraZeneca вакцинасы жөнүндө болуп жатат.

Тажикстанга бул препараттан 100 миң 800 доза жөнөтүлөт. Бул тууралуу немис өкмөтүнүн расмий өкүлү Ульрике Деммер билдирди.

Деммердин айтымында, вакцина COVAX программасынын алкагында Тажикстан, Өзбекстан, Судан, Эфиопия жана Ооганстанга, ошондой эле вакцинага өтө муктаж болуп жаткан башка өлкөлөргө берилет.

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги августтун башында өлкөдө COVID-19га каршы бир миллиондой киши эмдөөдөн өткөнүн кабарлаган.

XS
SM
MD
LG