Ссылки доступа

Түркмөн бийлиги интернет колдонуучуларын VPNден баш тартуу үчүн Куран менен ант берүүгө мажбурлоодо


Түркмөнстан өкмөтү көз карандысыздык алган алгачкы жылдардан бери жарандардан мекенге ишенимдүү болууга ант берүүнү талап кылат. Эми мындай ант интернет колдонуучуларын чектөө максатында колдонула баштады.

Түркмөн бийлиги муну менен интернетти чектөөнүн жаңы ыкмасын ойлоп тапты.

Өзүн Айнур деп тааныштырган аял бир жарым жылдан бери интернет коштурууга аракет жасап жүрөт. Үйдөгү интернет чет өлкөдө иштеген күйөөсү менен сүйлөшүү үчүн керек. Бирок Айнурдун аракетинен майнап чыга элек.

«Былтыр үйгө интернет коштуруу үчүн кезекке турдум. Кезек бир жарым жылдан соң жетти. Wi-Fi кызматын алуу үчүн көптөгөн документтерге кол коюуга туура келди. Эми VPN колдонбоймун деп Куран менен ант берүүнү талап кылышууда. Интернетте VPNсиз эч кандай сайт ачылбайт. Эмне кыларды билбей турам», - деди Айнур.

Түркмөн бийлиги интернетти чектөөдө көптөгөн ыкмаларды колдонот. Интернеттин ылдамдыгы өтө начар. Өлкөдө соцтармактар, VPN кыматын көрсөткөн сайттар бөгөттөлгөн.

XS
SM
MD
LG