Ссылки доступа

Жириновский Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну талап кылды


Орусиянын ТАСС агенттиги ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртып алууну талап кылганын жазды.

Жириновский бул тууралуу Мамлекеттик думага ЛДПР партиясынын талапкерлери менен жолугушууда билдирген.

Ал Бишкекте орус тилинде сүйлөгөн тейлөөчү кызды калкульятор менен чапкан окуядан улам элчини токтоосуз чакыртып, бардык соода-алаканы токтотууну талап кылган.

Жриновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астында пикет уюштурууну талап кылып, өзү барып катышарын билдирген. Ал Кыргызстандан барган эмгек мигранттарын депортация кылууну талап кыларын айткан.

2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта столдо жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шектүү адамга Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени тууралуу расмий эскертүү берген.

Быйыл жай башында Ысык-Көлдө спорттук лагердин тарбиялануучусу, орус улутундагы өспүрүм сабалганы аныкталып, териштирүү жүргөн.

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да бул окуялар боюнча өз реакциясын билдирген.

Мамлекеттик думанын депутаты Владимир Жириновский 2013-жылы Кыргызстанда “персона нон грата” жарыяланып, өлкөгө келишине тыюу салынган.

Ага чейин Жириновский орус бийлигинин Кыргызстандын карызын кечишине каршы болуп, ордуна Ысык-Көлдү алыш керек деп билдирип чыккан.

XS
SM
MD
LG