Үч тараптуу машыгуунун жүрүшүндө куралдуу топторду жок кылуу, объектилерди кайтаруу жана аба чалгынын жүргүзүү боюнча көнүгүүлөр иш жүзүндө аткарылды. Ага 2500дөн ашык жоокер, анын ичинде Орусиянын 1800, Өзбекстандын 200 жана Тажикстандын 500 аскери катышты. Мындан тышкары машыгууга 500дөй согуштук техника тартылган.
"Харб-Майдон" полигонундагы машыгуу Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өткөрүлүүдө. Орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов Өзбекстан менен Тажикстанга "аймактагы кырдаалды тескөө жана террордук коркунучтардын алдын алуу" максатында курал берүү көбөйтүлгөнүн билдирген.
АКШнын президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин "Талибан" кыймылынын аракеттери күчөп, өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишти. Мындан улам ооган аскерлери жана жайкын тургундар чектеш өлкөлөргө өтө качууда.