Ссылки доступа

Казакстанда уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган аял 16 күндөн бери ачкачылык кармоодо


Казакстандын Петропавловск шаарынын тургуну Ирина Рейбанттын ачкачылык акциясы 16 күндөн бери уланууда. Ал мындай жол менен уулунун өлүмү боюнча тергөө иштерин токтотуу тууралуу чечимге нааразылык билдирүүдө.

"Кылмыш иши кайра козголуп, күнөөлүүлөр жазаланмайынча ачкачылыкты токтотпойм", — деди Рейбант.

Анын 25 жаштагы уулу Анатолий Рейбант менен досун полиция кызматкерлери 2017-жылы мартта көчөдө мас болуп жүргөндө кармап, Соолуктуруу борборуна жеткиришкен. Бул тууралуу уккан ата-энеси ал жерге барып, уулун беш полиция кызматкери сабап жатканын көргөн.

"Алар баламды чачынан сүйрөп, музга сүздүрүшкөн. Колун аркасына байлап коюп, турууга аракет кылган сайын тепкилешкен. Дарыгерлер анын мээси чайкалып, мурду жана бет сөөгү сынган деген диагноз коюшкан. Уулум төрт айдан кийин үйдө каза болуп калды. Анын өлүмүнө катуу сабалганы себеп болгон деп эсептейм", — деди Рейбант.

Бул иш боюнча полиция кызматкерлерине каршы "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери бир нече жолу токтотулуп кайра жанданган. Быйыл 15-июлда тергөө иштери кезектеги жолу токтотулган. Мындай чечимге нааразылык билдирген Ирина Рейбант 26-июндан бери ачкачылык жарыялап, суу гана ичүүдө.

"Абалым начарлап кетти. Салмагым 73 килограмм болсо азыр 58 килограммга түштү. Кускум келип, башым айланып, көзүм караңгылап кетүүдө. Үйдөн канга анализ тапшырайын деп жатам. Ооруканага барсам ийне сайып, тамак ичиптир деген корутунду чыгарып коюшат. Дарыгерлерге да, полиция кызматкерлерине да ишенбей калдым", — деди ал.

Рейбант ачкачылык жарыялагандан бери прокуратуранын, полициянын жана акимчиликтин кызматкерлери келбегенин, анын абалына кызыгып да коюшпаганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG