Ссылки доступа

Өзбекстанда оппозициялык партия президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырды (видео)


"Эрк" демократиялык партиясынын лидери Мухаммад Салих.

Өзбекстанда быйыл октябрда өтө турган президенттик шайлоо "Шавкат Мирзиёев башында турган саясий топтун кезектеги "эл көрсүн" аракети". Бул тууралуу өлкөдөгү оппозициялык "Эрк" партиясынын 9-августта жарыяланган билдирүүсүндө жазылган.

Партиянын лидери Мухаммад Салихтин айтымында, бул жолу да "марионетка-партиялар" Ислам Каримовдун тушундагыдай президенттик кызматка өз талапкерлерин көрсөтүшөт.

"Ал партиялар диктатор Каримовдун "атаандаштарындай" болуп добуштарын азыркы президент Мирзиёевдин пайдасына беришет. Мирзиёев реформаларды жасоого жөндөмсүз экенин көрсөттү, өзбек эли мурдагыдай эле начар жашоосун улантууда", — деди Салих.

Партия «Эрк» призвала бойкотировать президентские выборы в Узбекистане
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

Өзбекстандагы президенттик шайлоолордо дайыма альтернативдүү талапкерлер болуп келген. 1991-жылдагы алгачкы шайлоодо гана Ислам Каримовго чыныгы атаандаш катары "Эрк" партиясынын лидери Мухаммад Салих чыккан.

Анда расмий маалыматтар боюнча шайлоочулардын 12,7% добушун алган Салихти көз карандысыз байкоочулар жеңүүчү деп аташкан. "Эркчилер" 1991-жылдагы шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганын айтып келишет.

"Эрк" партиясы 2019-жылдагы парламенттик шайлоого жана быйылкы президенттик шайлоого катышууга аракет кылган. Бирок өлкөнүн Юстиция министрлиги партияны расмий каттоодон өткөрүүдөн баш тартып, анын мүчөлөрү куугунтукка кабылган.

"Эрк" партиясы президентикке талапкер катары көрсөткөн мурдагы ырчы Жахонгир Атажанов быйыл июнь айында өлкө башчы кызматы үчүн ат салышуудан баш тартканын билдирген. Ал Instagram баракчасына ата-энеси тууралуу ойлонгондон кийин ушундай чечимге келгенин жазган.

2020-жылы январда Өзбекстандын Юстиция министрлиги "Эрк" партиясын каттоого алуудан баш тартып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн улантышына уруксат берген эмес.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл 24-октябрда өтөт.

2007-жылы өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, президентикке талапкерлер саясий партиялардын атынан гана көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда беш гана саясий партия каттоого алынган.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG