Ссылки доступа

УКМК: Кумтөр долбоору боюнча келишимди денонсациялоо иши башталды


Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) “Кумтөр иши” боюнча козголгон кылмыш ишинин алгачкы жыйынтыктары тууралуу маалымат таратып, келишимди денонсациялоо процесси башталганын билдирди.

Коопсуздук комитети тараткан маалыматта, "Кумтөр долбоору боюнча түзүлгөн келишимдер кыргыз элинин түпкү кызыкчылыгына туура келбейт" деп айтылат.

“Тергөө учурунда аныкталган коррупциялык фактыларды жана канадалык инвесторлор менен Кыргызстандын элинин кызыкчылыгына жооп бербеген келишимдердин шарттарын эске алуу менен, тергөө Башкы прокуратура менен бирге Кумтөр долбоору боюнча келишимдерди денонсациялоо процессин баштады”.

Атайын кызмат “Камеко” жана “Центерра” компаниялары менен кызматташууда, келишимдерди түзүүдө, ар кандай толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ири көлмөдөгү коррупция болгону тууралуу корутундуга келгенин жана далилдер менен ырасталганын айтат.

УКМКнын маалыматы боюнча 1992, 1994, 2003 жана 2009-жылдардагы келишимдер боюнча козголгон кылмыш иши аягына чыкты. Коррупция фактылары аныкталып, күнөөлүү адамдарга кылмыш иши козголуп, айрымдарына издөө жарыяланган.

2012-2014-жылдары "Центерра" компаниясынын кызыкчылыгы үчүн иштеген бир катар чиновниктерге жана депутаттарга кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат 2017-жылы түзүлгөн келишим жана Суу кодексине кирген өзгөртүү боюнча тергөө жүрүп жатканын, күнөөлүү адамдарга юридикалык баа берилерин маалымдады.

XS
SM
MD
LG