Ссылки доступа

Тажикстанда мушташтан өлгөн өспүрүмдүн туугандары кылмыш "атайын жасалганын" билдирүүдө


Тажикстандын Башкы прокуратурасы Рашт районунун 21 жаштагы тургунунун өлүмүн иликтеп жатат. Алиризо Худоёров аттуу жаран 11-июлда аталган райондун Яшм айылындагы мушташта каза болгон.

Бүгүнкү күнгө карата анын өлүмүнө шектүү катары эки айылдашы кармалды. Маркумдун туугандары бул кылмыш "атайын жасалып", ага "бери дегенде беш киши катышканын" билдиришүүдө.

Алгач бул ишти Рашт райондук прокуратурасы иликтеп жаткан. Бирок маркумдун жакындары тергөө иштерине нааразылык билдирип, президенттик администрация менен парламент депутаттарына даттангандан кийин иш Башкы прокуратуранын кароосуна өткөн.

Мекемедеги өз булактар бул иш боюнча болжолдуу тергөө иштери башталып, райондук прокуратурадагы материалдар алынганын билдиришти.

Бул маалыматты маркумдун атасы Зубайдулло Худоёров да ырастап, тергөөчүлөр анын пикирин угушканын билдирди.

Окуядан кийин Зафар Насриддин аттуу жергиликтүү тургун шектүү катары кармалып, ага каршы кылмыш иши ачылган. Анын туугандары ал "жин оорулуу экенин" билдирип, Алиризонун өлүмүн "кокустук" деп атап жатышат.

Өз кезегинде Алиризонун жакындары кылмыш "атайын жасалганын" жана ага кеминде беш киши катышканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, шектүүлөр "Зафар Насриддиндин аркасына жашынып", жазадан кутулуп кетүүгө аракет кылып жатышат.

"Алар менен биздин үй-бүлөнүн ортосунда көптөн бери жер тилкесине байланышкан талаш бар болчу. Акыркы окуяны ошол талаш менен байланыштырып жатабыз", — деди маркумдун атасы.

Эки жума мурда райондук прокуратура бул кылмышка шектүү катары Ражабали Хомидов аттуу дагы бир тургунду кармап, ага "Кокустуктан жасалган кылмыш" беренеси боюнча айып таккан.

XS
SM
MD
LG