Ссылки доступа

Казакстанда түрмөдө беш адам өзүнө кол салды


Кызылордо шаарындагы ЗК-169/5 колонияда жазасын өтөп жаткан беш киши өзүнө кол салды.

Туугандарынын айтымында, алар түрмө кызматкерлеринин кысым көрсөтүшүнөн, ар-намыска шек келтирген сөздөрүнөн тажашып, аргасыз ушундай кадамга барышкан.

Бул арада соцтармактарда жаракат алган айрым соттолуучулардын сүрөттөрү жарыяланды. Алардын биринде Абай Узынжасов аттуу туткундун ичине узун мык сайылганын көрүүгө болот.

Анын аялы Аягөз Науашеванын айтымында, окуя 10-августта болгон. Соңку эки аптанын ичинде Абай Узунжасов ушуну менен экинчи ирет өзүнө кол салууда.

– Күйөөм мага кабарлашып, “өзүмө кол салып өлбөсөм, бул жерде тынчтык жок, болбосо башка жакка которуп алып кетчи” деген. 31-июлда ичине мык сайган күйөөмдү ооруканага алып барбай, ооруну баса турган дары берип, өздөрү мыкты сууруп алышкан. Кечээ абалы оор болгондуктан операцияга ооруканага алып кетишти. Түрмөдө кысым бар. Администрация мени менен сүйлөшпөйт, күйөөмдү күнөөлөй беришет, - деди Аягөз Наушаева.

ЗК 169\5 мекемесиндеги жагдай тууралуу ИИМдин кылмыш-жаза аткаруу комитети маалымат таратып, “өтө оор кылмыш жасаганы үчүн соттолгон үч туткун камерадагы текшерүүлөргө нааразылык иретинде өздөрүнө кол салган” деп билдирди. Расмий маалыматка караганда, колонияга ыкчам тергөө тобу, коомдук байкоо комиссиясы келип, иш алып барууда. Билдирүүдө аларды ооруканага жаткырууга кажет жок деп айтылган.

Кызылордо облустук жаза аткаруу департаментинин башчысынын орун басары Мурат Накенов соттолуучулардын аракетин “элдин көңүлүн өзүнө буруу” деп атады.

– Тартипке баш ийгилери келбейт. Бош жүргүлөрү келет, бири-бирине конокко баргылары келет. Тамактан кийин жаткылары келет. Кызматкер эскертүү берсе, ачууланышат. Тыюу салынган заттарды пайдаланышканын аныктап, жазалайбыз. Алар ушул себептерден улам бизге “силерге көрсөтөбүз” деп ушундай иштерге барышууда, - деди ал.

АКШ Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары жөнүндөгү баяндамасында казак түрмөлөрү адам өмүрү үчүн кооптуу экени, кыйноо колдонулуп, туткундарга ырайымсыз мамиле жасалары айтылган.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG