Ссылки доступа

Тажикстанда ата-энелер жергиликтүү өндүрүштөгү мектеп формасын сатып алууга "мажбурланууда" (видео)


Житель района Рудаки показывает чеки и сетует, что ему пришлось купить одежду на ярмарке
Житель района Рудаки показывает чеки и сетует, что ему пришлось купить одежду на ярмарке

Тажикстанда ата-энелер мектеп формасын жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн жарманкелеринен гана сатып алууга мажбурланууда.

Рудаки районуну тургуну Сафармох Давлатова уулун мектепке даярдоо үчүн бери дегенде эле 50 доллар керек экенин, ал үчүн бул чоң сумма экенин билдирүүдө.

"Мен базарга барайын дегем, бирок мектептен кийим-кечени жарманкеден сатып алышым керектигин айтышты. Бирок мага ал жердеги ассортимент жаккан жок, сапаты начар, баалары кымбат экен. Мектептен форманы жарманкеден алганымды ырастаган чекти талап кылып, болбосо баламдын документтерин кабыл албай коюшарын айтып жатышат", - деди ал.

Социалдык түйүндөрдүн бир катар колдонуучулары да ата-мекендик өндүрүштөгү мектеп формасын сатып алууга мажбурланып жатышканын жазып чыгышты.

Тажикстандын Билим берүү министрлиги мындай талап мыйзамсыз экенин билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы «мындай буйрук болбогонун” айтып, окуяны териштирүүнү убадалады.

"Покупать школьную форму только у отечественного производителя!"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00

Бийлик жарманкедеги баалар базар баасынан 35-40% төмөн экенин, бир мектеп формасы өлчөмүнө жана сапатына жараша 196 сомониден 297 сомониге чейин сатылып жатканын билдирүүдө. Бирок ата-энелер форманын баасы базарда да, жарманкелерде да жогорулаганын, экөөнүн ортосунда чоң деле айырмачылык жок экенин айтып жатышат.

Тажикстанда бирдиктүү мектеп формасы 2007-жылы киргизилген. Алгач ата-энелер форманы базарлардан сатып алышса, акыркы жылдары жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн формасын алуу талаптары айтылып келет.

Айрым социалдык түйүн колдонуучулары мектеп формасын тигүү аткаминерлердин жана алардын жакындарынын бизнеси экенин белгилеп, ошондуктан ата-мекендик өндүрүштөгү формаларды сатып алуу талабы айтылып жатканын жазышууда.

XS
SM
MD
LG