Ссылки доступа

Быйылкы жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталмай болду


Кыргызстанда быйыл жаңы окуу жылы адаттагыдай 1-сентябрда эмес, эки жума кечирээк, 15-сентябрда башталмай болду. Бул тууралуу чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгону 12-августта маалымдалды.

Өкмөт мындай чечимин кадимки окуу тартибине эпидемиологиялык абалга жараша бара-бара өтүп, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу максатында барып жатканын, мугалимдердин айлыгына жана окуу процессине терс таасири болбой турганын билдирди.

Ошону менен катар коронавируска каршы эмдөөдөн бардык тийиштүү кызматкерлер өтө электиги айтылды.

Билим берүү мекемелеринде кенже жана техникалык персоналды кошкондо 153 миңдей адам эмгектенет. 12-августка карата алардын 56 миңи коронавируска каршы вакцинанын кеминде бир дозасын алышты, бул 36,7% түзөт. Жамааттык иммунитетти түзүү үчүн бул көрсөткүч кеминде 70% болуусу, башкача айтканда, дагы 52 миңден кем эмес билим берүү кызматкери эмдөөдөн өтүүсү зарыл.

Эки күн мурда Билим берүү жана илим министрлиги дээрлик эки жыл жабык турган мамлекеттик мектептер менен бала бакчалар быйыл жаңы окуу жылында кадимки тартипте иштөөсүн уланта баштарын, кызматкерлеринин 70% ашыгы вакцина алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG