Алматынын Турксиб райондук сотунун өкүмүнө ылайык, Мусайбеков мамлекетке 62 миллион теңге (145 миң долларга жакын) төлөп берүүгө милдеттендирилди.
53 жаштагы Мусайбеков 15 миң доллар өлчөмүндө пара алууга шек саналып быйыл февралда кармалган. Пара мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюуда белгилүү бир компанияны тандап алуу үчүн берилгени кабарланган.
Сот мындан тышкары аткаминерге пара берүүгө айыпталган ишкерди да 62 миллион теңге өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирди.
Казакстандын мамлекеттик кызматтар тууралуу мыйзамына ылайык, кол алдындагы кызматкерлер коррупциялык иштерге барганы аныкталган учурда мекеме жетекчиси кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышы керек.
Мусайбеков министрдин орун басары кызматына 2020-жылы май айында дайындалган. Бул кызматта ага чейин да төрт жыл иштеп кеткен. Мындан тышкары ал Каржы, Транспорт жана коммуникациялар министрликтеринде, "Самрук-Казына" фондунда түрдүү кызматтарда, ошондой эле Улуттук олимпиада комитетинде башкы катчы болуп иштеген.