Бул тууралуу аткаминер "Открытый диалог – 2.0" программасына катышып жатып билдирди.
“Жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү “түркөй улутчулдуктун” мындай көрүнүштөрүн сындашат. Тилекке каршы, мындай нерселер бүткүл дуйнөдө болуп турат, бирок муну мамлекет колдойт же тенденцияга айланды деп атоого болбойт”, – деген Абаев.
Буга чейин "Til Maydani онлайн партиясы" ютуб-каналы Казакстандагы улутчулдардын текшерүүлөрү учурунда тартылган видеолорду жарыялаган. Алар дүкөндөр менен мамлекеттик мекеме кызматкерлеринин казак тилин канчалык деңгээлде билерин текшерген. Мындай рейддер Нур-Султан, Алматы, Павлодар, Орол жана башка шаарларда болгон.
Аткаминер укук коргоо органдары алардын аракетине укуктук баа берерин айтты. Абаевдин пикиринде, Казакстанда орус тилин калктын 90 пайызы билет.
Орусиянын Тышты иштер министрлиги Абаевдин билдирүүсүн колдоду. “Түркөй улутчулдукка” каршы бийлик катуу күрөшүүгө дайын экенин белгилейбиз. Мындай позицияны толук колдойбуз”, - деп кабарлады Орусия министрлиги.
2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап берип, бир убакта үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жиберген.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астында бир канча тарапташы менен нааразылык акциясын өткөргөн. Ал Бишкектеги окуядан улам Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртып алып, бардык соода-алаканы токтотууну талап кылган. Кыргызстандык эмгек мигранттарын депортация кылуу керектигин да айткан.
Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий деген макамга ээ.