Ссылки доступа

Тажикстанда бир үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүрүүгө шектелгендер абакта кыйноого кабылганын билдиришти


Кумри Хайбуллоева
Кумри Хайбуллоева

Хатлон облусуна караштуу Жайхун районунда бир үй-бүлөнү мыкаачылык менен өлтүрүү шеги менен кармалган кишилердин туугандары милиция кызматкерлери аларды кыйноого алып, жасабаган кылмышты мойнуна коюуга аракет жасап жатканын билдиришти.

12-июнда Жайхун районунун Таргок айылында жергиликтүү тургун үч баласы менен өлтүрүлгөн. Үйдүн кожойкеси жана 11 жаштагы баласы аман калган: алар ар түрдүү жаракат менен ооруканага жеткирилген. Кылмыштын изин жашыруу максатында үй өрттөлгөн.

Киши өлтүрүү айыбы менен жергиликтүү жашоочулар Махмадгаюр Хабибуллоев менен Киёмуддин Насриддинов кармалган. Кылмыштын себептери айтылган эмес, тергөөнүн шектүүлөргө каршы далили бар-жогу да белгисиз.

Киёмиддин Насриддиновдун аялы Адолат Шерматова күйөөсү менен эки жолу жолуккан.

"Анын мурду сынган, бети көгала болгон, денесинде кыйноонун издери бар. Көйнөгү бүт кан. Киёмиддин эч кимди өлтүрбөгөнүн айтып жатат", - деди ал.

Башка бир шектүү Махмадгаюр Хабибуллоевдун апасы Кумри Хайбуллоева болсо акчасы жоктугунан адвокат жалдай албай жатканын айтты:

– Уулум менен бир жолу гана жолуктум. Менин суроолорума ал: "Эч нерсе дебей эле коюңуз, апа, антпесе сиз кеткенден кийин мени кайра сабашат", деп гана жооп берди.

Жайхун райондук ички иштер бөлүмүнүн атын атагысы келбеген кызматкери милиция шектүүлөргө карата кыйноо колдонуп жатат деген маалыматты четке какты.

Буга чейин Тажикстан ИИМине жакын өз булак министр Рамазон Рахимзода атайын түзүлгөн комиссиянын ишин кескин сындап, үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүргөндөрдү тезинен табууну тапшырганын билдирген.

Кайгылуу бул окуя коомдук чоң резонанс жаратып, соцтармак колдонуучулары кылмыштын бетин тез ачпаганы үчүн укук коргоо органдарын сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG