Ссылки доступа

Казакстан ТИМи өлкөдө ооган качкындары үчүн лагерь ачылары тууралуу маалыматты четке какты


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкө аймагында ооган качкындары үчүн лагерь ачыла тургандыгы жөнүндөгү соцтармактарда тарап жаткан маалыматтарды четке какты.

"Интернетте тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Азыр Ооганстанда абал саат сайын өзгөрүп жатат, ошондуктан конкреттүү бир чечим тууралуу айтуу азырынча эрте", — деди мекеменин басма сөз катчысы Айбек Смадьяров.

Буга чейин "Чиновник" аттуу телеграм-канал "Казакстан АКШнын өкмөтүнө иштеген ооган жарандарын убактылуу кабыл алуу боюнча Вашингтон менен макулдашууга келди" деген темада билдирүү жарыяланган. "Качкындар үчүн ачыла турган лагерь Алматы жана Түркстан облустарында жайгашат. Алгачкы макулдашууда 2 миң ооган жаранын кабыл алуу каралган. Бул үчүн каражат бөлүнүп, качкындар виза алуу иштерин аяктап калды", — деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары анда качкындарды кабыл алуу маселесин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди телефон аркылуу талкуулаганы белгиленген.

13-августта Тлеуберди менен Блинкен чынында эле телефондо сүйлөшкөн. Бирок анда эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелери тараптар ортодогу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн келечегин, эл аралык актуалдуу маселелерди, анын ичинде Ооганстандагы абалды талкуулаганын кабарлашкан. Бирок эки тараптын билдирүүсүндө тең ооган качкындары тууралуу эч нерсе жазылган эмес.

Май айында АКШ жетектеген күчтөр Ооганстандан чыга баштагандан кийин талибдер активдешип, акыркы аптада тездик менен улам бир аймакты басып алып жаткан. Буга байланыштуу Кошмо Штаттар баштаган бир катар батыш өлкөлөрү Ооганстандагы жарандарын жана аларга иштеген оогандыктарды эвакуациялай баштаган.

15-августта "Талибан" Ооганстандын баш калаасы Кабулга киргенин кабарлады. Кыймылдын басма сөз өкүлү Забиулла Мужахид талибдер шаардын коопсуздук күчтөрү таштап кеткен аймактарын өз көзөмөлүнө ала турганын, мындай чечим Кабулдагы талап-тоноочулукту алдын алуу үчүн кабыл алынганын айткан.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG