Мындан тышкары Доминикан Республикасына, Түштүк Кореяга жана Чехияга аткарыла турган туруктуу жана чартердик каттамдар үчүн бардык чектөөлөрдү алуу каралууда.
"Интерфакс" агенттиги белгилегендей, Орусия буга чейин аталган өлкөлөр менен авиабайланышты калыбына келтиргенин жарыялаган, бирок каттамдардын санына чектөөлөр бар болчу.
Орусия коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 27-мартынан тартып бардык эл аралык аба каттамдарын токтоткон. 2021-жылдын июнуна чейин 43 өлкө менен туруктуу аба каттамдары кайра калыбына келтирилген.