“Кадимки жашоого ишенимдүү кайтуу үчүн баардыгы үчүн жалпы мунапыс жарыяланды... ”, – деп айтылат талибдердин билдирүүсүндө.
“Талибан” кыймылынын жоочулары Ооганстан борборуна 15-августта кирип келип, өлкөдө 20 жылдык согуш аяктаганын жарыялашкан. Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.