Ссылки доступа

Душанбеге жакын жерде тажик-кытай антитеррордук машыгуулары өтүүдө


Тажик бийлиги кытай өнөктөштөрү менен бирге “тоо шартында терроризмге каршы күрөшүү” боюнча машыгуу баштаганын кабарлады. Биргелешкен тажик-кытай машыгуусу 17-августта Душанбеге жакын Ромит капчыгайында башталган жана 20-августка чейин болот.

Ага Тажикстан тараптан Ички иштер министрлигинин атайын бөлүгү, кытай тараптан Коомдук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери катышууда.

Душанбе Бээжин менен эки тараптуу мамилелердин, мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюмунун, террорчулукка каршы Кытай-Тажикстан-Пакистан-Ооганстан коалициясынын алкагында иш алып барат.

2019-жылы ноябрда Кытайдын жардамы менен Душанбеде Терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы борбор түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG