Бул арада Ооганстан менен чектеш түркмөн райондорунда жашоочулардын тынчсыздануулары күчөдү.
"Койтендаг районунун [Лебап] тургундары чек аранын аркы бетиндеги атышуулардын үнүнөн үрөйлөрү учуп, дүрбөлөңгө түшүүдө", - деп билдирди лебаптык аскер кызматкерлеринин бири.
Ашхабад ооганстандык качкындардын абалы жана коңшу өлкөдөгү кырдаал боюнча комментарий бере элек.
Түрмөнстан Ооганстан менен 800 чакырым аралыкта чек аралаш. Буга чейин түркмөн бийлиги ал жакка кошумча аскер күчтөрүн, техникаларды жана медициналык персоналды жөнөткөнү айтылган.