Ссылки доступа

Баткен: Кыргыз жана тажик милиционерлери биргелешкен күзөткө чыга башташты

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн милиция кызматкерлери биргелешкен күзөткө чыга башташты. Бул тууралуу 17-августта Баткен облустук бийлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Баткен районунун жана коңшу Тажикстандын Исфара районунун бири-бирине чектеш жайгашкан айылдарында элдин коопсуздугун сактоо, чагымчыл күчтөргө бөгөт коюу, мыйзамсыз иш-аракеттерди алдын алуу максатында эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин кайгуул күзөттөрү уюштурулду. Алар элди күн сайын кыдырып турмай болушту.

17-августта бир нече багыт боюнча бөлүнгөн күч кызматкерлери Көк-Таш айылындагы Дахма, Майский, Соманион участокторунда, Таш-Тумшук айылы менен чектешкен Кожайло участогунда, Ворух айылынын Тожикон, Ак-Сай айылындагы Бакай участогунда болушту.

Эл менен жолугушууда милиционерлер жергиликтүү тургундарды бири-бири менен сылык мамиледе болууга чакырып, чагымчыл аракеттерге эки өлкөдө тең мыйзам негизинде жоопкерчилик каралганын эскертишти. Ошондой эле айылдардын ичинде автоунаага ыңгайсыздык жараткан таш-кумду тазалоо керектиги белгиленди.

16-августта Баткен жана Согд облустарынын башчыларынын жыйыны өтүп, кызматтыштыкты бекемдөө макулдашылган.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

​
XS
SM
MD
LG