Ссылки доступа

Казакстандын "кызыл зонадагы" аймактарында дем алыш күндөрдөгү локдаун сакталат


Казакстандын коронавирустун жайылуу тездиги боюнча "кызыл зонада" жайгашкан аймактарында "дем алыш күндөрдөгү локдаун" сакталат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин өкмөттүн 18-августтагы жыйынында билдирди.

Жыйында дем алыш жана майрам күндөрү ишканалар менен уюмдардагы четкөөлөрдү улантууну саламаттык сактоо министри Алексей Цой сунуштады.

Анын айтымында, акыркы бир нече жуманын ичинде Казакстанда "эпидемиологиялык абал акырындык менен турукташууда": бир аптада орточо эсеп менен 53 миңден жаңы учур катталып, ооруканалардагы орундардын 53%, реанимациялык бөлүмдөрдүн 47% толууда.

"Коронавирус жуктургандардын көбөйүшүнө жол бербөө максатында "кызыл" жана "кочкул кызыл" зонадагы аймактарда дем алыш күндөрү чектөөлөрдү улантуу, көзөмөл топторунун ишин күчөтүү, калкты эмдөөнү тездетүү жана эл арасындагы маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү сунушталууда", — деди Цой.

Премьер-министр Аскар Мамин министрдин бул сунушун колдоду. "Кызыл зонадагы" аймактарда дем алыш күндөрдөгү локдаун сакталышы керек", — деди Мамин.

Бүгүнкү күндө Түркстан облусунан башка Казакстандын бардык аймагы коронавирустун жайылуу тездиги боюнча "кызыл зонада" жайгашкан.

Күн мурун Алматынын башкы санитардык дарыгеринин жаңы токтому күчүнө кирген. Ага ылайык, 17-августтан 31-августка чейин ишканалар менен уюмдардын ишмердүүлүгү ишемби жана жекшемби күндөрү, ошондой эле майрам күндөрү убактылуу токтотулушу керек. Өлкөнүн ири шаары эсептелген Алматыда өткөн айдын аягынан бери күн сайын коронавирус жуктурган 1,5 миңдей жаңы учур катталууда.

XS
SM
MD
LG