Алардын бири Кыргызстанга келгенине 22 жыл болгонун белгилеп, ошондон бери "качкын" макамын ала албай жүргөнүн журналисттерге айтты.
"Биз Ооганстандан качып келгенбиз. Бизге Кыргызстан "качкын" макамын берген эмес, бизде болгону БУУнун "качкын" мандаты гана бар. Бизге же макам берсин, болбосо башка бир өлкөгө чыгарсын".
Ооган жарандарынын "качкын" макамын талап кылып, БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдында башталган нааразылык акциясы АКШнын элчилигинин алдында уланууда.
Кыргызстан Ооганстандагы памирлик 1200 кыргызды кабыл алууга даяр экенин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Кайрылмандар жана качкындар башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова "Азаттыкка" билдирген.
Анын айтымында, Кыргызстанда буга чейин келген Ооганстандын 73 жаранына качкын макамы берилген. Мындан сырткары 67 жарандын арызы каралып жатат.
Кыргызстан 1996-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча конвенциясына мүчө мамлекет.