Ссылки доступа

Ооганстандын Душанбедеги элчиси вице-президентти мамлекеттин легитимдүү башчысы деп атады


Ооганстандын Тажикстандагы элчиси 18-августта биринчи вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн легитимдүү башчысы экенин билдирди.

Күн мурун Амрулла Салех Ооганстандын Баш мыйзамына таянуу менен өзүн мамлекеттин убактылуу башчысы экенин жарыялаган.

Душанбеде маалымат жыйынын өткөргөн элчи Мохаммед Захир Агбар Ооганстандын президенти Ашраф Ганини "мамлекеттин жана улуттун чыккынчысы" деп атап, ал ооган элине таандык 169 миллион долларды өзү менен кошо ала кеткенин айтты.

15-августта талибдер Кабулга кирип келип, дээрлик эч кандай тирешүүсүз эле президенттик сарайды басып алган. Андан бир нече саат мурун Ашраф Гани жана анын туугандары Ооганстандан качып кетишкен.

Айрым ЖМКлар Орусиянын Кабулдагы элчилигинин дипломаттарына таянуу менен Гани өзү менен кошо миллиондогон доллар ала кеткенин жазышкан. Гани менен анын үй-бүлөсү бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Ушул тапта Ганинин кайда экени белгисиз.

XS
SM
MD
LG