Ссылки доступа

АКШ Ооганстандын 9 млрд. долларлык эсептерин жапты


Кошмо Штаттар Ооганстандын Борбордук банкынын бардык активдерин тоңдуруп, муну "Талибан" кыймылынын каражатка ээлик кылышына бөгөт коюу үчүн жасаганын маалымдады.

Америкалык басылмалар билдиргендей, Жо Байден ооган активдерин тоңдуруу жөнүндө чечимди 15-августта – талибдер Кабулду басып алган күнү кабыл алган. Эл аралык Валюта корунун маалыматы боюнча АКШдагы эсептерде ооган борбордук банкына тиешелүү 9 млрд доллар бар.

Wall Street Journal маалымдагандай, Жо Байдендин администрациясы өткөн аптада Ооганстанга ири өлчөмдөгү накталай акчаны жеткирүү аракетине бөгөт койгон.

"Психологическое состояние очень плохое"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

"Талибан" АКШнын санкциялык тизмелерине киргизилген. Ошондуктан, эгер АКШ жана башка өнөктөштөрү "Талибандын" бийлигин тааныбаса банктагы активдерди кайтарып алуу кыйын болот.

Дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча Ооганстан дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Бул өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин төрттөн үчү сырттан келген жардамга көз каранды.

XS
SM
MD
LG