Ссылки доступа

Казакстанда кургакчылыктан улам 178 миң гектар эгин талаасы куурап калды


Казакстанда кургакчылыктан улам 178,3 миң гектар эгин талаасы куурап калды. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Ербол Карашукеев өкмөттүн 18-августтагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйыл өлкө боюнча 15,9 миллион гектар жерге дан өсүмдүктөрү эгилсе, бүгүнкү күндө анын 13,2 миллион гектары (85,2%) жакшы жана канааттандыраарлык деп бааланууда. 2,1 миллион гектары (13,7%) жаман деп бааланса, 178,3 миң гектары (1,1%) куурап калган.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 3,5 миллион тонна дан азыгынын запасы бар. Анын 2,8 миллион тоннасын буудай түзөт.

- Куурап калган аянттарды жана сакталып турган дан азыктарын кошуп эсептегенде, жыйнала турган эгиндин көлөмү өлкөнүн ички керектөөсүн толук жабууга, ошондой эле канча бир бөлүгүн сыртка экспорт кылууга жетет, — деди Карашукеев.

Быйыл Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аймактардын көбүндө бир нече айга созулган кургакчылык болду. Ал Казакстандын Мангистау жана Кызылордо облустарында өзгөчө сезилип, тоюттун жетишсиздигинен мал кырылды.

Жыйындын жүрүшүндө Карашукеев малга тоют камдоо иштери жүрүп жатканын, бул үчүн атайын штаб түзүлгөнүн кошумчалады. Анын айтымында, тоютка мамлекеттик бюджеттен 5,3 миллиард теңге, чөп камдоого 1,9 миллиард теңге бөлүндү.

XS
SM
MD
LG