Ссылки доступа

Казакстан ТИМи: Ооганстанда жашаган казактардын саны боюнча так маалымат жок


Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын жоочулары

Ооганстанда жашаган казактардын саны боюнча так маалымат жок. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, "Талибан" кыймылы өз көзөмөлүнө алган бул өлкөдө болжол менен 15 үй-бүлөдөн турган казактар жашайт.

"Айрым казакстандык басылмалар Ооганстанда он миңдеген этникалык казак жашай турганы жөнүндө маалыматтарды таратышты. Бирок бул чындыкка дал келбейт. Биздин маалымат боюнча 15 үй-бүлө жашайт, бул болжол менен 200 киши. Так маалымат жок. Ооганстандын алыскы аймактарында 19 кылымда көчүп барган башка казак үй-бүлөлөр да жашашы мүмкүн”, — деди ТИМдин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

Ал өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев министрликке этникалык казактардын коопсуздугун камсыз кылууну жана алардын тарыхый мекенине кайтып келүү ыктымалдыгына жардам берүүнү тапшырганын кошумчалады.

ТИМден билдиришкендей, акыркы күндөрү Казакстандын Кабулдагы элчилигине өздөрүн этникалык казак деп тааныштырып, бирок улутун далилдеп бере албаган адамдар кайрылууда.

«Алар эч кандай далилдерди келтире албай жатышат. Айрымдары казакча да оңураак сүйлөй алышпайт, ата-бабаларынын кантип Ооганстанга барып калганын айтып бере алышкан жок», — деди Смадияров.

Ал кайрылып жаткан адамдардын билдирүүлөрүнүн чын-төгүнүн элчиликтин алдында түзүлгөн атайын комиссия карай турганын кошумчалады.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG