Ссылки доступа

БУУ Ооганстандагы кызматкерлеринин бир бөлүгүн Алматыга көчүрдү


Алматы аэропортуна конгон учак. Казакстан ТИМи 18-августта тараткан сүрөт
Алматы аэропортуна конгон учак. Казакстан ТИМи 18-августта тараткан сүрөт

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 18-августка караган түнү Алматы аэропортуна Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын кызматкерлери отурган учак келип конгонун билдирди.

"Ооганстандын ичиндеги абалдын курчуп кеткенине байланыштуу БУУ өз агенттиктерин, анын ичинде Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясын (UNAMA) убактылуу Алматы шаарына жайгаштыруу өтүнүчү менен Казакстанга кайрылган. Бул уюмдун толук кандуу мүчөсү катары алган милдеттенмелеринин алкагында өлкө жетекчилиги БУУнун бул өтүнүч колдоого алды", — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматына караганда, Алматыга келген кызматкерлер БУУнун паспортторуна ээ болгон эл аралык дипломаттар болуп эсептелет. Уюмдун кызматкерлери Алматыга "болжол менен жарым жылга, Ооганстандагы абал турукташканга чейин" жайгаштырылат. Бул үчүн кете турган бардык чыгымдарды БУУ өз бюджетинин эсебинен жабат.

Казакстандын расмий маалымат каражаттары Алматыга конгон учактын ичинде Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиянын 141 кызматкери болгонун жазышты.

Өткөн дем алыш күндөрү "Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулду өз көзөмөлүнө алгандан кийин БУУ бул өлкөдөгү 300дөн ашык кызматкеринин үчтөн бирин Казакстанга көчүрө турганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG