Ссылки доступа

Өзбекстанда коронавирус жуктургандар көбөйүүдө


Өзбекстанда расмий маалымат боюнча коронавирус жуктургандардын саны 145 615 кишиге жетип, 994 адам каза болду.

Ошол эле маалда өзбек коомчулугу, анын ичинде активисттер, блогерлер, журналисттер расмий статистикага ынанышпайт. Алар вирус жуктургандар менен андан көз жумгандардын саны алда канча көп болушу ыктымал деп эсептешет.

Самарканддык журналист жана блогер Ташпулат Рахматуллаев "Фейсбуктагы" баракчасына дээрлик күн сайын коронавирустан өлгөн тааныштарынын жаназасына катышып жатканын жазды.

"Эгер бийлик коронавирустан өлгөндөрдүн так статистикасын жарыяласа, эл карантин чараларын так сактамак деп ойлойм", –деп жазды самарканддык журналист.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG