Ссылки доступа

Булак: Түркмөнстандын "элиталык" мектептериндеги паранын өлчөмү 10 миң долларга чейин жетет


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ушул күндөрү Түркмөнстанда балдарды орто мектептердин башталгыч класстарына кабыл алуу уланууда. Бул өнөктүктүн алкагында балдарын "элиталык" мектептерге киргизгиси келген ата-энелер аткаминерлерге пара берүүгө аргасыз болуп жатышат.

Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлады.

Бүгүнкү күндө Лебап облусунун борбору эсептелген Түркмөнабад шаарында бир нече "элиталык" деп эсептелген мектеп бар. Бул окуу жайлардын шарттары жана билим берүү сапаты жакшы болгондуктан, аларга мектептер жайгашкан райондо каттоого турган балдар гана кабыл алынат.

"Ата-энелер балдарын бул мектептерге киргизүү үчүн аткаминерлерге пара берип, аталган окуу жайлар жайгашкан райондорго жалган каттоого туруп жатышат. Берилген пара шаардык билим берүү башкармалыгынын аткаминерлери, мектеп директорлору жана жарандарды каттоо башкармалыгынын кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрүлөт", — деди бул көрүнүш менен жакындан тааныш булак.

Анын айтымында, паранын өлчөмү аткаминерлердин талап кылуусуна жараша 25 000 манаттан 35 000 манатка чейин жетүүдө. Расмий курс боюнча бул 7150-10000 АКШ долларын, көмүскө базардагы курс боюнча 735-1030 долларды түзөт.

"Параны июлдун аягында чогултуп башташат. Анткени балдардын тизмелери августтун башында бекитилет. Мындай көрүнүштөрдөн улам "элиталык" мектептерде балдардын саны көп болуп, билим сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Алсак, бир класста 28-30 окуучу болушу керек болсо, айрым класстарга азыр 34-35тен бала кабыл алынууда", — деди булак.

Түркмөнстанда бийлик менен мамлекеттик маалымат каражаттары билим берүү тармагындагы жемкорлук маселеси тууралуу сөз кылып, аларды чагылдырышпайт.

XS
SM
MD
LG