Ссылки доступа

Бир катар өлкөлөр ооган кыз-келиндерин коргоо боюнча биргелешкен билдирүү жасашты


Кошмо Штаттар баштаган бир нече өлкө Ооганстандагы кыз-келиндердин абалына кабатырлануу менен биргелешкен кайрылуу жасашты.

Кайрылууга АКШдан башка Австралия, Албания, Аргентина, Бразилия, Британия, Гватемала, Гондурас, Европа биримдиги, Канада, Колумбия, Коста-Рика, Жаңы Зеландия, Норвегия, Парагвай, Сальвадор, Түндүк Македония, Сенегал, Чили, Швейцария, Эквадор кол койду.

"Биз ооган аялдарынын билим алууга, жумуш иштөөгө жана эркин жүрүүгө болгон укуктарына байланыштуу терең кабатырланып жатабыз. Биз жалпы Ооганстан боюнча бийликке жана ыйгарым укуктарга ээ тараптарды аларды коргоону камсыздоого чакырабыз", – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары анда эл аралык коомчулук гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экени белгиленген.

1996-2001-жылдары талибдер өлкөнү башкарып турганда аялдар көчөдө эркек тууганысыз жалгыз жүрө албай калган. Билим алуу жана ишке орношуу укугу чектелген. Толугу менен чүмбөттөлүп кийинишкен. Бул эрежеледи бузгандар өлүм жазасына да тартылышы мүмкүн болгон.

Өткөн аптада БУУнун качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы ооган кыз-келиндеринин абалына өзгөчө камтама болуп жатканын белгилеген. Уюмдун маалыматына караганда, майдын аягынан баштап качууга мажбур болгон 250 миң ооганстандыктын 80 пайызы аялдар менен балдар болгон.

XS
SM
MD
LG