Ссылки доступа

30 жыл мурда СССРде мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгон


30 жыл мурда, 1991-жылдын 19-августунда СССРде мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгон.

Өлкө жетекчилигинин өкүлдөрүнүн тобу Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитет (ГКЧП) түзүлгөнүн жарыялашкан. СССРдин президенти Михаил Горбачев бийликтен четтетилип, Фороско изоляцияланган. ГКЧП СССРди сактап калып, 15 союздук республиканын тогузу гана кирүүнү пландап жаткан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин түзүлүшүнө жол бербөөгө аракет кылган.

СССРде иш таштоого жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салынып, маалымат каражаттарынын иши чектелген. КПСС менен ВЛКСМден башка бардык саясий уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Өлкөнүн коргоо министри Дмитрий Язовдун буйругу менен Москвага аскерлер киргизилип, жарандар аларга каршылык көрсөтүшкөн. ГКЧПга каршы союздук республикалардын бийликтери жана Орусия Федерациясынын президенти Борис Ельцин каршы чыккан. Ал аянттагы танктын үстүнөн кайрылуу жасап, жарандарды Орусиянын Ак үйүн коргоо үчүн чогулууга чакырган. Көп өтпөй имаратты коргоо үчүн оң миңдеген адам митингге топтолгон. ГКЧПга каршы митингдер Ленинград (Санкт-Петербург) сыяктуу башка бир катар шаарларда да өткөн. 1991-жылы 21-августка оогон түнү аскер кызматкерлери менен болгон кагылышууларда үч киши көз жумган.

Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети ишке ашпай, ГКЧПнын мүчөлөрү камакка алынган. 1991-жылы декабрда Советтер Союзу таркаган.

Бүгүнкү күндө орусиялыктардын 43% 1991-жылы августта болгон окуяларды трагедиялык жана өлкөнүн кыйрашына алып келген окуя катары баалашат.

XS
SM
MD
LG