Ссылки доступа

Ооган качкындары макам берүүнү талап кылды


Кыргызстанда бир канча жылдан бери жашап жаткан ооганстандык жарандар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин жана АКШнын элчилигинин алдына пикетке чыгышты.

Алардын алды 20 жылдан бери башпаанек ала албай жүрүшкөнүн айтып даттанып, кыргыз бийлигинен "качкын" макамын берүүнү же АКШ, Канада сыяктуу башка өлкөгө жиберүүнү талап кылышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыккан оогандыктардын бири Ажмал Жамал Кыргызстанга 1999-жылы келген. Ошондон бери "качкын" макамын ала албай жүргөнүн айтты.

“1999-жылы Ооганстанда азыркыдай абал түзүлүп, талибдер бийликти алганда Кыргызстанга келгем. Бул жакта миграция кызматына качкын катары каттоого туруу үчүн кайрылгам. Мына, Кыргызстанда жүргөнүбүзгө 22 жыл болду, балдарым бул жакта төрөлүп, окууларын аяктады. Кызым журналист, экинчи кызым доктур, балдарым велоспортчу. Бирок бирөөбүздүн да паспортубуз жок. Паспортсуз жашоо өтө оор. Чет өлкөгө чыкканды кой, сим-картаны дагы каттата албай, кыргыз жарандарынан суранабыз”.

Акцияга чыккан оогандык качкындардын айтуусунда, Кыргызстанда 400дөн ашык ооган жараны "качкын" макамын алалбай жүрөт. Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Ооганстандын 73 жаранына "качкын" макамы берилгенин, дагы 67 ооганстандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралып жатканын билдирген.

Кыргызстанда бир канча жылдан бери жашап жаткан ооганстандык жарандардын акциясы Ооганстанда "Талибан" бийликти ээлеп, ал жактан жүздөгөн жарандар качып жаткан учурга туш келди.

Ооганстандагы абал курчуганына байланыштуу кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө өлкө катары Ооганстандагы памирлик 1200дөй кыргызды кабыл ала аларын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза берүүгө даяр деп билдирүү тараткан.

XS
SM
MD
LG